Улуу Британиядагы EuroMillions лотереясынан 68 миллион доллар уткан адам 1 аптадан бери табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматта айтылгандай, лотереянын уюштуруучулары оюнчуларынын баарын 28-июлда чакырып, билеттерин текшерип чыгышкан. Бирок бул күнү 68 миллион доллардын ээси келген эмес. Уюштуруучулар эгер бул кардар утушун алып кетсе, анын байлыгы британиялык белгилүү поп-музыкант, актёр Эд Ширандын байлыгы менен тең келерин билдиришкен.
Буга чейин июнь айында аталган лотереядан дагы бир адам 115 миллион доллар утуп алган.