"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү таштанды тазаланды

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү №55-үйдүн жанында жаткан таштанды тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта SUPER.KG порталына Ош тазалык ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урнадагы таштандылар өз убагында алынып жатат. Масалиев көчөсүндөгү 55-үйдүн жанындагы таштанды маалымат түшкөндөн кийин бир аз убакыт кечигүү менен алынды. Ишкананын техникалары айрым учурда жетишпей күтүп калууга туура келүүдө. Бирок мүмкүнчүлүккө карап абал жөнгө салынып жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин окурман Масалиев көчөсүндөгү №55-үйдүн эки тарабында таштанды алынбай, "жагымсыз жыт чыгып жатат" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
legion-arbat
2017-08-05 15:14:27
Не козго сайып коргозмойунчо иштебей калышканбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан