Кытайдын Нинся-Хуэй автономдук району туристтерди кызыктырган көпүрөнүн ачылышын өткөрдү. Аталган аймактагы Хуанхе дарыясы аркылуу адамдар эми айнек көпүрө аркылуу өтө алышат.
Көпүрөнүн айнектелген бөлүгүнүн узундугу 210 метрди түзсө, туурасы 2,6 метрди түзөт. Ачылыш аземи 3-августта өткөрүлүп, учурда бул көпүрө көпчүлүктүн көңүлүн буруп турган чак.
Буга чейин дарыя аркылуу асма көпүрө болгон жана айнек көпүрө анын негизинде курулган. Айнек көпүрөдөн чочулаган жарандарды курулушчулар сынбай турган бекем каражат экендигине ынандырууда.