Алмазбек Атамбаев ботаникалык бакка лаборатория куруу мыйзамсыз экенин айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөткө ветеринардык лабораториянын ботаникалык бакка экологиялык залакасын тийбегендей кылып куруу жолун кароону сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта президенттин маалымат бөлүмү билдирди.

Президент Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын аймагына Улуттук академия тарабынан лаборатория салынышы Кыргыз Республикасынын мыйзамына туура келбестигин баса белгилеп, ал жактагы уникалдуу өсүмдүктөрдүн топтомунун сакталышына коркунуч туудуруп жатканын айтканы маалым болду.

Өлкө башчынын пикиринде, ботаникалык бак өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына кирип, өлкөнүн кенчи болуп, мамлекеттин коргоосунда.

"Атаандашка жөндөмдүү айыл жана мал чарбаларынын азыктарынын көлөмүн жогорулатуу процессинде карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялардын курулушу чоң мааниге ээ экенин эске алып, президент өкмөткө ботаникалык бакка экологиялык зыян келтирбөө үчүн лабораториянын курулушунун альтернативдүү жолдорун иштеп чыгууну сунуштады", - деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев Э.Гареев атындагы ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынын курамынан чыгарып, аны өзүнчө илимий-изилдөөчү мекеме катары түзүп, "улуттук" макамын берүү керектигин белгилеп өткөн.

Эскерте кетсек, ботаникалык бактын директору бактын аймагындагы 4 гектар жерге ветеринардык лаборатория курулушу мүмкүн экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
grace
2017-08-05 13:54:37
Аташкага ушул чечими үчүн чын жүрөктөн рахмат! Биздин жепжутарлар аз жерден кытайга Ботаникалык бакты берип сала жаздады. Президенттин бир эле сөзү жетиштүү экен го мына.
-3
Azatbek83
2017-08-05 14:43:27
grace,Шайлоо жакындап калганда ар ким озун корсотот элге жагынып озунун командасынан бироосун шайлаш учун Каяктан билдик балким оздору кылгандыр ызы чууга тушкондо токтотобуз деп жакшы элди ойлогон адам болушуп алышат .Санта-Барбара!
-2
grace
2017-08-05 14:57:14
Кантсе дагы бул эл үчүн жасалган чечим,мунусуна да шүгүр.
0
wwwbaxa
2017-08-05 15:15:35
Президент,депутаттар билмейин туалет да курбайт мамлекет.Бул жөн эле оюндун бир кадамы да...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан