Казакстанда тартылган жылаңач "стюардессалар" менен "учкучтардын" жарнамалык видеосу интернетте талкуу жаратты

Казакстандын авиабилеттерди саткан компаниясынын биринин тарткан жарнамалык видеосу интернет колдонуучуларынын талкуусуна түштү. Жарнамада өздөрүн стюардесса катары көрсөткөн кыздар баштарына пилотка кийип, денелери жыпжылаңач бойдон "менин учагыма билет сатып алсаң болот" деп кардар чакырышат.

Видео толук кадр менен көрүнгөндө кыздар башындагы пилоткаларын "жашырынуу" үчүн пайдаланышат. Бул жарнаманы Казакстанда катуу талкууга алышты. Интернет колдонуучулардын бири: "Бул жарнамадан кийин Казакстанда кыз-келиндерди интимдик мамиле куруучу объект катары гана кабыл алышат деп түшүнсөк болот", - деп жазса, арасында "жарнаманын жаратуучулары, азаматсыңар, креативдүү ой жүгүртүп, коркпой коомчулукка чыгарып "эрдик" кылгансыңар" деген пикирин калтыргандар да бар.

Видео YouTube'га 2-августта жүктөлгөн. Анын эртеси эле бул ишкана дал ушундай жарнаманы "учкучтардын" катышуусунда тартып чыгарган. "Учкучтар" башына фуражка кийип, моюнуна галстук такканы менен денесинин калган бөлүгүн жылаңач калтырышкан.

Буга жооп катары Казакстандагы дагы бир ишкана кыздарды улуттук кийим менен жарнамалык видеого тарткан. Видеодо Казакстан мамлекетинде жашаган көп улуттун кыздарынын ар бири өз улутунун улуттук кийимин кийип компаниянын ишмердүүлүгүн жарнамалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
dinikyz
2017-08-05 16:31:35
Ай тообоо атын чыкпаса жер ортто болуптурго
+10
ady-88
2017-08-05 17:34:11
А байкуш какендер оздорунчо современный болгусу келгени го.
+11
Hadyja
2017-08-05 19:23:56
Эрдик кылыш учун,денесин корсотуу,милдеттуубу,тушунбойм.
Денесин корсотуп алып эле,мен кыйраттым,мени жаман корбогуло дегендер кобойду.Ангелы Виктории Секретс дегендин модельдери болсо бир жон эле.Анан арык болсо эле укмуш болдум деп озуно чечим чыгарып алгандар азайса экен,негизи
+5
bond02
2017-08-05 20:15:09
Реклама эмес стюардессаларды алмаштырыш керек экен.
+4
datkayimjan
2017-08-05 23:04:49
Элден озгочолонуштун бир амалы жыланачтануу болуп калдыбы эми? Пассажирлерге интимдик кызмат корсотобуз деген эле мааниде тартылгандай го
+7
Revolyutsiya2
2017-08-06 00:47:37
Казактарды "албарсты" баса баштаптыр.....
+6
Neizvestno777
2017-08-06 04:24:40
Орустар го жалан эле
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан