Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган өзбек бийчилер мекенине учак менен кайтышты

Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган Өзбек жарандары бүгүн, 5-августта Өзбекстандын Коргоо министрлигинин аскердик-транспорттук учагы менен мекенине жеткирилишти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Кыргыз дарыгерлери жол кырсыгынан оор жаракат алган 2006-жылкы Игорь Орловдун ден соолугуна кабатыр болушкан. 3-августта ага операция жасалган. Калгандары жеңил жаракат алышкан", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Өзбек президенти Шавкат Мирзийоевдин чечими менен учак Тамчыга жиберилген.

"Жабыркагандар 5-августта саат 8:30да Ташкентке жеткирилишип, Республикалык илимий борборго жаткырылышкан. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыздын тиешелүү органдарына жана дарыгерлерине медициналык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет", - деп кошумчаланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rozhulun
2017-08-05 21:02:29
Шавкат Мирзиёев молодец
+2
surgeon777
2017-08-06 10:40:45
Жакшы президент экен,озулорунун жарандарына кабатырланып,камын ойлоп учак менен алдырып алса...
+7
Malik92
2017-08-06 14:14:30
Мыкты президент Шавкат Мирзиёев
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан