ЖЫЛНААМА, 6-АВГУСТ: 75 жыл мурун душмандын амбразурасын төшү менен тосуп эрдик жасаган Чолпонбай Түлөбердиев каза болгон

1942-жылы 6-августта дзоттун амбразурасын төшү менен тосуп эрдик жасаган жана ал үчүн "Советтер Союзунун Баатыры" аталган Чолпонбай Түлөбердиев каза болгон.

Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, 1941-жылы согушка кирген.
Ал гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулемёттон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиев көзү өткөн соң 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам менен сыйланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jonne
2017-08-06 15:54:37
Сыймыктанабыз кыргыз элин учун чоон эрдик кылып курман болупсуз !!! Эч качан эчнерсе унутулбайт !!!
+4
taalay25
2017-08-06 16:02:43
Комсомолго дагы олгондон откорушкон. Бирок каза болгондон эртеси эле аскердик комсомолдук комитет чукул жыйын откоруп кабыл алышкан.
0
Aruwka.89
2017-08-06 18:47:45
Эх азыр бизге ушундай эр журок Президент керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан