Билим берүү министрлигинин сайтына мектептердин бюджети тууралуу маалымат жайгаштыруу пландалууда

Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында өлкөдөгү бардык мектептердин бюджети тууралуу маалымат жайгаштыруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 772 мектеп директорлору натыйжалуу башкаруунун негиздери боюнча окуудан өтүшкөн. Окутуу Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен жана Ош облустарында жүргүзүлгөн. Учурда иш Жалал-Абад жана Ош облустарында уланууда. Анда директорлорду каржылык башкаруу, пландоо ыкмасы боюнча окутулду.

Ошол эле учурда министрлик мектеп отчёттуулугун иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу керек экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ayida
2017-08-07 15:59:38
Суроомо билгендер жооп берип койгулачы!Бишкекте балдарды мектепке келсин 7 кун мектептин айланасын тазалап казып кыскасы кунуго 4 саат иш кыласынар болбосо китеп берилбейт деп кыйнады эжекеси.Бул туурабы? Балдар иш кылбаш керекго мектепте?5.6.7 класстар
0
Ayida
2017-08-07 16:00:50
Эс алып атышса каникулда айылда анан кантип жиберем?Китеп бербей койсо не кылабыз? 6 ны буткон балам барбады эми не дейт эжекеси билбейм
0
ksb
2017-08-07 16:17:06
Ayida,эч нерсе кыла алышпайт,барбасанар,коркутуша берет ар нерсени айтып,китеп бербей койгонго укуктары жок.Менин балам эки жыл катары мн барган,30 баладан 5-6 эле бала барчу экен,кийин мен да жибербей койгом.Тем болеп силердики айылда болсо.Таза болбой баратса поликлиникадан справка алып барып койгула
+1
ice87
2017-08-07 20:03:03
Эмгек практикасы!Справка алып барып коюнуз же акчасын берсе болот.
0
bakulya2015
2017-08-07 21:26:03
Ушул билим министрлигине суроо жазсам окуп маани берет экенби э? Окуу сентябрда башталат анан китептида окуу башталганда эле бергенге аракет кылсалар жакшы болмок эгер мамилекет бербесе биз быйыл беербейбиз озунор базардан ала бергиле дешип койсо жакшы болмок себеби китептин маселеси менен эле кудай кааласа кээде октябрь ноябрь болуп кетет. Ушул маселенида карап коюшса жакшы болот эледа. Китеп келбей калса базардан алууга мажбур болобуз анан алып буткон сон китеп келди алышынар керек дейт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан