Президентке жаңы окуу жылына даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди

Бүгүн, 7-августта президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына жалпы билим берүүчү мекемелердин жаңы 2017-2018-окуу жылына даярдыгынын жүрүшү боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат берилди. Гүлмира Кудайбердиева кооптуу мектептердин ордуна жаңы мектептерди куруу боюнча президенттин тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү боюнча айтып берди.

Министрдин маалыматы боюнча 122 мектеп 2017-2018-окуу жылындагы курулуштардын планына киргизилген. Биринчи кезекте табигат кырсыктарынан жабыркаган райондорго жаңы мектеп курулганын белгиледи.

Мындан тышкары министр мектепке чейинки жана мектепте билим берүү системин өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду. "2017-жылдын 1-сентябрына карата өлкөдө жаңы 100 балдар бакчасы ачылат. Мектептерде 27 окуу предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер сыноодон өткөрүлө баштайт" деди министр.

Атамбаев жаңы окуу жылына карата бир катар тапшырмаларды берип, өлкөдө мектептердин курулуштарын өз мөөнөтүндө аяктоо зарыл экендигин айтты. Ал эми жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан райондордо – суук түшкөнгө чейин балдардын окуусу үчүн бардык шарттарды түзүү керектигине өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Президент ошондой эле акыркы жылдары мамлекет өзгөчө көңүл буруп жаткан билим берүү чөйрөсүндөгү реформалар өлкөдө мындан ары дагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга зарыл шарттарды түзүүгө тийиш экендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан