Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жол кырсыгына кабылгандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 4 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 4 адам Чүй облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Айта кетсек, жол кырсыгы кечээ, 6-август күнү саат 19:00 чамасында болгон. Анда BMW үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, 378-каттамдагы маршруттук такси менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, маршруттук таксинин ичиндеги адамдар жабыркаган.