Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Маалыматка ылайык, Акышевге өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.
Бүгүн өкмөт башчы жарандык авиацияны абалы жана келечекте өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөн. Анда агенттиктин иши кескин сынга алынды.
Транспорт жана жолдор министрлигине 10 күндүк мөөнөттө жарандык авиация тармагындагы кемчиликтерди жоюуга багытталган сунуш берүү тапшырылды.