Тажикстандын аскерлери ушул айдын экинчи жарымында Кыргыз мамлекети менен Өзбекстан чек арасында ири аскердик машыгуусун өткөрөт. Бул тууралуу Тажикстандын коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул окуулар аймактагы коргонуу иштерин уюштурууга, улуттук армиянын запастагы аскерлеринин адискөйлүгүн жогорулатууга арналат.
Машыгууга катыша турган запастагы аскерлердин саны белгисиз. Кечээ, 7-августта Шахристан районунун жашоочулары өлкөнүн түштүгүнөн түндүгүнө аскер кызматкерлери менен техникалар жеткирилген. Тажикстандагы орусиялык аскер базанын кызматкерлерине айгай жарыяланып, 40 чакырымдык марш өткөрүшкөн. Андан соң алар Дүйшөмбүнүн четиндеги шарттуу кылмыштуу топту жок кылышкан.