Москвада жумушсуз калып, психикалык ооруга кабылган Кыргыз жараны мекенине кайтарылат

Москвага бир жыл мурда барып, 3 айдан бери жумушсуздуктун айынан психикалык дартка чалдыккан Кыргыз жараны бир тууганынын коштоосунда мекенине кайтарылат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

"2017-жылдын 7-августунда Москва шаарынын Симоновский райондук соту Н.А.Алексеев атындагы №1-психиатриялык клиникалык ооруканасында 1979-жылкы К.М. аттуу Кыргыз жаранынын ыктыярдуу дарыланууга көнбөгөндүгүнө байланыштуу соттук отурум өткөргөн. Мекендешибиздин укугун коргоо максатында Орусиядагы Кыргыз элчилигинин кызматкерлери оорукананын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Анда Кыргыз жараны аталган ооруканага ушул жылдын 3-августунда психикалык жактан жабыркап түшкөндүгү аныкталган. Ал Орусияга 1 жыл мурда келгенин, 3 айдан бери жумушу жок калганын жана 1 жылдан бери жакындары менен байланышы үзүлгөнүн айткан. Ошондой эле анын документтери да жоголгону такталган. Учурда элчиликтин жардамы менен анын бир тууганы табылып, мекенине кайтаруу боюнча күбөлүк даярдалды. Жакынкы күндөрү бир тууганынын коштоосунда Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
janat.kg
2017-08-08 10:38:53
Озубуздун туулган жерибизде жумуш болгондо мындай койгойлор чыкпайт болчу.
+3
Rifle_I
2017-08-08 11:49:35
Баарыбызга эле жумуш жетпесе да, анча мынчасына бар. Кыргызстанда да Россияда иштегендей иштесек байып кетебиз. Биз жалкоолонуп жата беребиз. Өзбектер тытып жатат таалаларда.
+8
raykray
2017-08-08 12:32:16
Riflвe_I, тууура Москвада 12 саат тик туруп без вых.да иштеп журобуз КРда Антип иштебебейбиз, Москвада ишсиз калсан сразу депрессияга тушосун, Ден соолук каалайм!!!
+3
bakulya2015
2017-08-08 13:16:51
Rifle_I,туура айтасыз,негизи биз жалкообуз моюнга алуу керек беш кол тен эмес бирок карасаныздар чайхана,кафе,базар,ашкана баарында озбектер иштейт а биз барып даярын жейбиз негизи иштеймин десек иш бар биз азга шурур кылып сабыр кылуудан алысыраакпыз эми эми эсибизге кире баштадыкта. Буйруса баары жакшы болот. Ден соолукта эле бололу. Акча кирдин колу аракетке жараша боло берет
+1
Kuba-savai87
2017-08-09 00:25:49
Россия жергесинде иштеп жаткан мигранттарыбыз мекенибизге келип иштейм иштейм деп эле коно албай койдум деп, кайра эле Орусияны коздоп жоноп кетип жатышат басымдуу болугу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан