БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу президенттикке талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каражаттарынын жүгүртүлүшү тууралуу маалымат таратты. Анда айтылгандай шайлоо фондунда эң аз каражат чогулткан ишкер Акбаралы Айтикеев (50 сом менен) болгон.
Эң көп акча чогулткандардын катарында "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов (32 миллион сом) , "Аалам" партиясынын лидери Арсланбек Малиев (4 259 800 сом), "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев (1 130 000 сом), "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев (6 500 000 сом), өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков (3 миллион сом) бар.
Ал эми Адахан Мадумаров (35 миң сом), Ахматбек Келдибеков (27 985 сом), Камчыбек Ташиевдин шайлоо фондунда (50 миң сом) каражат башкалардыкына салыштырмалуу аз.
Бабанов чогулган каражаттын ичинен 11 031 231 сом, Малиев 3 807 488 сом, Төрөбаев 32 895 сом, Сариев 831 208 сом жана Жээнбеков 2 465 344 сом иштеткен.