Европа банкы тарабынан бөлүнгөн 8 миллион евро насыяга сатылып алынган 50 троллейбус ушул жылдын октябрь айынан тарта иштеп баштайт. Бул туурасында SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын маалымат катчысы Калперизат Айдарбекова маалымдады.
"Шаардык мэрия Европа өнүктүрүү банкы берген насыяга 50 даана троллейбус сатып алат. Сатып алуулар боюнча жарыяланган сынактан орусиялык компания утуп алган. Жакынкы күндөрү тендердин шарттарына ылайык, асты жапыз троллейбустарды Беларустан, асты орточо бийиктиктегилери Орусиядан алып келинет. Алар октябрь айынын башында ишке кирери күтүлүүдө", - деди Айдарбекова.
Ошондой эле шаардык транспорт башкармалыгынан троллейбустарды болжолдуу түрдө Асанбай-Аламүдүн-1, 8-кичи район-Батыш автобекети жана Аламүдүн-1ден Интергельпо көчөсүнө чейинки 3 линияга коё турганын кошумчалашты.