ЖЫЛНААМА, 8-АВГУСТ: Акын, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алмаш Чойбекованын көзү тирүү болгондо 70 жашка толмок

Акын, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алматай (Алмаш) Чойбекова арабызда болгондо бүгүн 70 жашка толмок. Ал 1947-жылы 8-августта Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында туулган.

1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп аяктаган. Эмгек жолун 1965-жылы Фрунзедеги "Чолпон" бут кийим фирмасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылдан тартып Токтогул районунун Суу чарба башкармалыгында кызматкер, 1973-1975-жылдары Ош облусунун кыргыз драма театрында актриса, 1975-1978-жылдары Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Энгельс атындагы орто мектебинде пионердик тарбиячы, 1978-жылы Кыргыз ССРинин Мамтелерадиокомитетинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп эмгектенген.

Анын биринчи "Ак булут" аттуу ырлар жыйнагы 1979-жылы жарыкка чыккан. 1981-жылдан баштап СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү. Акын 2016-жылы 14-июнда оор психикалык оорудан улам көз жумуп, бирок коомчулук билбей калган. Сөөгү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылына коюлган.

8-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан