Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны Чолпон-Атада өтөт

15-17-августта Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз менен Өзбекстандын өкмөт башчылары жыйынга болгон даярдыктарды талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүсүндө Абдулла Арипов Кыргызда ушул жылдын октябрь айында өзбек маданият күндөрүн өткөрүүгө өзбек тараптын даярдыгын тастыктады. Ал ошондой эле кыргыз тарапка 3-августта Ысык-Көл облусунун аймагында кырсыкка кабылган Өзбекстан Республикасынын жарандарына өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзбек тарапка Ош шаарында 630 орундуу жалпы билим берүү мектебин куруу тууралуу чечими үчүн ыраазычылык билдиргени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
grace
2017-08-08 12:57:51
1 сантиметр дагы жерди алдырбагыла.
+2
MES
2017-08-08 13:42:09
Жыргаап эле жүрө берет экенсиңерда эч нерсе чечпей эле.
Бирде Ташкент бирде Ош.
+2
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-08 14:13:25
Чолпон Атада эс алышат десеңер жарашат!
+2
BarsBaatyr
2017-08-08 14:14:20
Маселени жеринде чечпейсинерби?
+1
Nazar76
2017-08-08 14:56:31
Ар жерде жыйын откозуп журо бербей жок дегенде мынча жер такталды дебейсинерби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан