Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-августта өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, башкаруу органдарын оптималдаштыруу жана бөлүмчөлөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги жыйынтыктары туурасында маалымат берилди.
Раимберди Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрдүн потенциалын арттыруу маселесине токтолуп, президентке негизги чет мамлекеттик өнөктөштөр менен аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндөгү макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, Кыргыз мамлекетине аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн алкагында Орусия Федерациясы тарабынан берилген аскердик-техникалык эки учактын келгендигин маалымдады. Учактарды расмий өткөрүп берүүнүн аземи болжолдонуп жатканы айтылды.
Президент мамлекеттин тышкы чек араларын чыңдоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү боюнча бардык комплекстүү чараларды мындан ары активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.