Сокулук районундагы Раздольненское мектебинин директору Бекболот Жолдошалиев орус тилинен сабак берген мугалим Анаркүл Тарпанбаеваны мыйзамсыз жумуштан кетиргени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Тарпанбаева жана анын жактоочусу Мукар Чолпонбаев маалымат жыйын өткөрүштү.
“2014-жылы апрель айында Анаркүл Тарпанбаеваны мектептин директору “балдарды туура эмес тарбиялап жатат, мектепте өзүн туура эмес алып жүрөт” деп жумуштан кетирген. Бул боюнча 14 ата-эне кол коюп бергенин айткан. Бирок ата-энелерден сураштырсак кол койбогонун айтышкан. Райондук сотко берип, утуп чыктык. Мектептин директору Жогорку Сотко кайрылганда алардын пайдасына чечип берген. Тарпанбаева 2013-жылы эки чоң ардак грамотага ээ болгон. Анан бир жылдын ичинде өзүн кантип туура эмес алып жүрмөк эле? 2013-жылы 7-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салганда, мугалим мектепте рэкетчилик бар экенин айтып, ошондон улам директор экөөнүн пикири келишпей калган”, - деди жактоочу.
"Эки класстын жетекчиси болуп орус жана кыргыз тилинен сабак берчүмүн. Директор мени жумуштан кетиргенден баштап эмгек китепчемди бербей келет. Почта аркылуу жөнөткөм дейт, бирок келген эмес. Эки балам бар, ушул убакытка чейин жумушум жок жүрөм”, - дейт мугалим.
Жыйынтыгында алар бул иш боюнча башкы прокурор Индира Жолдубаевага кайрыла тургандарын билдиришти.
Ал эми мектептин директору Бекболот Жолдошалиев SUPER.KG порталына билдиргендей, Тарпанбаева окуучуларды тилдеп, аларга кысым көрсөткөн.
"Балдар арыздануучу почтага аларды тилдеп жатканы боюнча жазышкан. Ата-энелери дагы кол коюп беришкен. Аны жумуштан кетирүү менин жеке чечимим эмес. Педагогикалык кеңештин чечими райондун акимине жөнөтүлгөн. Аким комиссия түзүп жыйынтыгын чыгарып, Тарпанбаеваны жумуштан кетирүү боюнча буйрук берген. Ошонун негизинде чыгарганбыз. Тарпанбаева жумуштан чыккан күнү эмгек китепчесин албай кетип калган. Эртеси эмгек китепчесин почта аркылуу жөнөтсөк албай койгон. Кийин соттон эмгек китепчеси өзүнө берилген", - деди ал.