Кыргыз чек ара кызматы тажик аскерлери машыгууну өздөрүнүн аймагында өткөрө турганын бүгүн, 8-августта SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, аскердик машыгуу Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын чек арасында, бирок алардын аймагында өтөт. Тажикстан машыгуу өтө тургандыгы боюнча билдирме жөнөткөн.
“Өздөрүнүн аймагында өтүп жатканда уруксат сурашпайт, жөн эле билдирме жиберишет. Биздин өлкө дагы машыгууну башка өлкөнүн чек арасына жакын өткөрө турган болсо уруксат сурабай, билдирме жөнөтөт”, - деп айтылат маалыматта.
Тажикстандын аскерлери ушул айдын экинчи жарымында Кыргыз мамлекетинин чек арасында ири аскердик машыгуусун өткөрө турганын Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.