Жалал-Абад ШИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн алдындагы эскирген мамлекеттик желек алмаштырылды. Бул туурасында SUPER.KG порталына бүгүн, 8-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан Самара Кыдырова билдирди.
"Патрулдук милиция бөлүмүнүн имаратынын алдындагы мамлекеттик желек өткөн жуманын аягында жаан жаап, катуу шамал болгондо четтери айрылып калыптыр. Биз аны жаандын эртеси эле алмаштырганбыз. Шаардын тургуну аны сүрөткө тартып алып жарыялабаса деле ал жерде иштегендердин жок дегенде бирөө көрүп алмаштырып коймок да", - деди Кыдырова.
Эскерте кетсек, кечээ, 7-августта жергиликтүү окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу "Жалал-Абад шаарынын Патрулдук милиция бөлүмүнүн маңдайында мамлекеттик желектин чети чубалжыйт, өңү да өчүп бара жатыптыр", - деген билдирүүсүн калтырган болчу.