"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кадамжай шаарынын ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү күзүндө башка имаратка көчүрүлөт

Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын жугуштуу оорулар бөлүмү башка имаратка көчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта SUPER.KG порталына Кадамжай шаарынын аймактык ооруканасынын жетекчиси Залкар Баймуратов билдирди.

Анын айтымында, аталган бөлүмдүн абалы чынында начар, оорукана 1976-жылы курулган.

"Быйыл күзүндө оорукананы башка жакка которуу маселесин карап жатабыз. Учурда Кадамжайдын жаңы конушунда эки блоктон турган жаңы оорукана курулуп жатат. Анын биринчи блогу бүтүп, хирургия, жандандыруу, терапия жана башка бөлүмдөрү көчүрүлгөн. Жугуштуу оорулар бөлүмү травматология бөлүмүнүн мурунку имаратына көчүрүлөт. Учурда аны оңдоо, тазалоо жана курчоо үчүн тендер жүргүздүк. 24-август күнү тендердин жыйынтыгын чыгарып бөлүмдү толугу менен көчүрүп баштайбыз. Азыркы имараты эскиргенине байланыштуу жакында аны бузууга техникалык корутундусу берилет", - деди Залкар Баймуратов.

Эске салсак, буга чейин окурман "Кадамжай шаардык ооруканасында дарылануу мүмкүн эмес" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2017-08-09 00:41:52
Бишкекте 31-августка 6млн сом жумшалат экен. Ошол бөлүмгө жаңы жабдыктар келип калат беле ашыгы менен ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан