СУПЕРСТАН: "Жигиттер кайсы учурда жагымдуу көрүнүшөт?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө көпчүлүк учурда аялзатына тиешелүү темалар басымдуулук кылып, активдүү талкууланып келет. Бул жолу колдонуучулар "Жигиттер кайсы учурда жагымдуу көрүнүшөт?" деген теманы талкууга алышты.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мага жигиттердин бала (наристе) карап, аны эркелетип, ойнотуп жаткан учуру жагымдуу көрүнөт. Суктанып эле карап тургуң келет. Анан да футбол, волейбол жана башка спорт оюндарын ойноп жаткан учурунда жигиттер өзгөчө "сексуалдуу" көрүнүшөт".

"Уктап жатканы жагат, жинине тийип ойготуп салам. Тренировкадан келген кези жагат, булчуңдары чыңалып, сонун көрүнөт. Үйдө тамак жасаганы да жагат".

"Жай намаздын үстүндө отурган жигиттерге эч кимиси жетпейт. Ата-энесине мээримдүү көз караш менен караган жигиттерди көргөндө карап эле тургум келет".

"Өзүн таза, тыкан алып жүргөн, көптү билген, дүйнөгө болгон көз карашы терең мырзалар эл алдында орундуу сүйлөп жатса, жагымдуу көрүнөт. Рулдагы мырзаларга көңүл бурбайт экенмин. Машина айдаса, айдабаса мага айырмасы жок. Катуу айдагандарды тобо, аман болсун деп жакамды кармайм".

"Эркекке тиешелүү сүрү бар, энергиясы ашып-ташыганы билинип турган, көзүндө жалыны бар, эч нерседен тайманбаганы сыртынан көрүнүп турган, жасалма эмес, эркектей болгон мырзалар көзүмө жагымдуу көрүнөт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Batma08
2017-08-08 19:49:56
Мага куйоом ардайым кандай учур болсода жагымдуу коруно берет
+1
BakytAliev
2017-08-08 20:24:08
Жигиттерге лайфхак го ))
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-08 21:45:18
А дейсиңер б дейсиңер, бирок иливой кызга жигит акчалуу болгондо жагымдуу көрүнөт)))
+9
Batma08
2017-08-08 22:18:11
TIMON_BERKOWITZ,туура айтасын мен кошулам
+5
Aruwka.89
2017-08-08 22:28:49
TIMON_BERKOWITZ, кызга еле эмес баардык еле акчалуу адамдар жагымдуу корунот
+4
Ferdews
2017-08-08 23:29:50
TIMON_BERKOWITZ,ошентип акчасы жоок мырзалар айткан экен да.Негизи бизге акчасы эмес, журум- туруму, кичи пейилдиги, ыймандуулугу жагат.Озун деле элестетип кор, акчасы ашып- ташып,бирок журум туруму начар болсо, суйлошмок турсун жанынада случайно туруп калсан итиркейин келет
+4
arzygulR
2017-08-09 16:30:43
Ferdews,++
0
arzygulR
2017-08-09 16:31:27
Жактырган адамын баардык учурда жагымдуу корунот)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан