"Ала-Тоо" аянтын Эгемендүүлүк күнүнө карата жасалгалоо үчүн 6 миллион сомдон ашык акчага тендер жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясы Эгемендүүлүк күнүнө карата шаар тургундарына күтүлбөгөн белек даярдап жатканын мэриянын алдындагы "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Азамат Кожомкулов 8-августта SUPER.KG'ге кабарлады. Анын айтымында, шаардыктар аянтты Жаңы жыл майрамына даярдалгандай көрүү үчүн 6 305 877 сомго атайын жарыктандыруучу каражаттарды алууга тендер жарыяланды.

Тендер 2-августта жарыяланса, арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 23-августта аяктайт.

"Буюрса, жарыктарды берүүчү системдердин материалдары алынса, жасалгалоо башталат. Албетте, шаар тургундары үчүн. Ошондуктан азырынча кандай жасаларын айтпай турайын, сюрприз болсун", - деди Кожомкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Kubinis
2017-08-08 20:35:59
юбилей болсо экен бир жон, андан коро сооптуу иш кылсанар болмок . Ошол 6 млнду кары картандар, жетим жесирлер уюно которгула сооптун тубундо каласынар. Жасалганар бир кундук эле
+12
Leilek-razzakov
2017-08-08 20:51:04
1 миллионго жасалат да, калган 5 миллион чонтокко тушот. Андан коро жасабай эле койгулачы. 6 миллионду операцияга муктаж адамга берсенер эл деле тушунот.
+17
33SUUN
2017-08-08 21:03:37
Жуз миндей эле сомун Москвадан жумуш табалбай ооруп калган Кы Мы деген кызга бергилечи байболгурлар.Дарыланып алсын байкуш кыз.Жарк журк,тарс турс эттирип 6 миллионду асманга чачканда эмне толк.
+10
juma11anara
2017-08-08 21:38:54
Жакын 91 000 доллар экен. Андан көрө тышкы карызды жаап койбойбу.
+9
Azatbek83
2017-08-08 21:53:25
Акмактар ошол акчаны башка керектуу нерсеге иштеткилечи.Сюрприз деп койгонучу озунун чонтогунон акча чыгаргандай.Кочмондор ойуну деп той бердинер жетишет.Башка жакта ошондой олимпияда откорсо чет жактан туристер келип акча тушот.Биздики тескерисинче.Силерге ишенген биз акмакпыз.Бошоткула жайынарды эл учун иштейм дегендер бар ошолор иштешсин.
+9
zhykyo
2017-08-08 22:25:22
Оо жакшы колдойм
-7
SansaNePredaiJohna
2017-08-08 22:44:42
бишкектиктерге эле жыргал . ыр бий , майрамдар болсо акча коп миллион миллион коротушат.
Бечара ош.
+7
adiletkgz
2017-08-08 23:34:29
Жегиле ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Ысырап кылгандарды Аллах сүйбөйт!
+3
AIZAD
2017-08-08 23:46:29
Шылтоолоп ушу элдин ырыскысын жегендер, олбой азабын тартып бир жеринерден чыксын!!!!!!!(((
+4
Kg.arts.
2017-08-09 00:10:08
Тим эле сюрприз дейт го. Озунун акчасына жасап жаткандай. Бюджеттен кетет да.
+6
Rifle_I
2017-08-09 00:33:35
Мектептерге китеп алсын, анча мынча жерин ремонт кылсын.
Азыр мектептен кысынып жатып, балчайтып түрмөлөрдү салабыз го.
+3
PatriotKG01
2017-08-09 01:35:54
Смотрю баары каршы,го,просто быйыл шайлоо,ошого типа элге жагыныш керек го деп ойлоп калдым,ботанический садтагы лабораторияны деле оздору баштап кайра оздору токтотуп салды деп ойлойм,биз ушундай элди ойлойбуз дегендей кылып.
+4
bakulya2015
2017-08-09 09:48:10
Эх мынчалык кылгандары болбойтта эми негизи шарларды шиширип турду тусту кылып жасап айлана чойро гулго толуп жакшына болуп желегибиз желбиреп турса ошол майрам. Ашыкча чыгым керек эмес бир кундо отуп кетет Аша керээрде бир жасап кетейин дегенго бирок кеткен сонда элге жашоо керек экономду иштетпейтго. Эгемендуу эл болуп ушунча кыйналып бири бирибизди сатып элди ойлобой озун ойлоп куноосу жоктор камар куноолу инсандарды качырып жатат ушул кантип болсун.
0
Aima94
2017-08-09 11:48:42
Кара башын эле жутуп албаптыр да ушундан көрө 6 млн!
+3
meku89
2017-08-09 23:48:11
Мм 6 млн. Муктаж адамдарга жардам берип, элдин абалын сураган бир атка минерибиз калбай калды го. Оздорунун курсагы ток кийими бутун эл менен башы оорубайт да. Мен 6 млн эмес 6 мин сом таба албай больницага бара албай айлам куруп жатат а булар акчаны кокко сапырышат. Адилетсиз жашоо болду го эх;
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан