Ошто сатылып жаткан коон, дарбыздарда нитраттар нормадан 3 эсе көп экендиги аныкталды

Ош шаарындагы базарда сатылган жашылча-жемиштердин курамы текшерилди. "Анын жыйынтыгында дарбыз, коондордо нитрат ашыкча өлчөмдө экендиги аныкталды" деп билдирди бүгүн, 9-августта Ош шаардык фитосанитардык жана ветеринардык инспекциянын кызматкери Сейдали Досов SUPER.KG порталына.

"Борбордук базарда сатылган дарбыз, коондордун курамында 193 миллиграммга чейин нитрат аныкталды. Аны атайын аппараттар менен текшерип чыктык. Негизи норма боюнча нитраттын курамы дарбызда 60 миллиграммдан ашпаш керек. Химиялык кошулмалардын жашылча-жемиштерде ашыкча болушу адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Текшерүүнүн жүрүшүндө картошка, пияз, сабиз жана башка жашылчаларда нитрат жана азоттун кошулмасы өз нормасында экендиги аныкталды", - дейт Досов.

Ал кошумчалагандай, курамында нормадан ашыкча жер семирткичтери бар жашылча-жемиштерди сатып жаткан сатуучуларга оозеки эскертүүлөр берилди. Ошко жашылчалар Казакстандын Чымкент аймагынан, Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн райондорунан алынып келинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Mongol1155
2017-08-09 12:28:02
Акча учун адамдарды ууландырган айбандарды катуу жазалаш керек.Тез арада чара корулбосо, уулангандардын саны кобойуп кетет го.
+5
R_u_S
2017-08-09 13:02:04
Пайдалуу нерсе деле калбаган окшой, коон, дарбыз ушундай болуп жатса...
+6
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-09 13:08:20
Селитра көп бергенден болот. Жогорудагы биларман комментчиге кошула албайм. Адамды дыйкандар атайын уулантпайт. Билбегендик! Дыйкандарда не күнөө? Эл селитра десе меники жакшы өссүн деп олчойто берет селитраны. А минсельхоз аларга селитра бергенге болбойт, корей гумат, кыргыз гумат, орус гумат берсеңер жакшы болот деп айтканга жарабайт. Селитра ташыгандар минсельхоздун оозун катуу жаап койгон эбак эле..
+6
Patriot7
2017-08-09 14:05:35
TIMON_BERKOWITZ, селитра-азоттор жашылма-жемиштин жакшы осушун, тушуму мол болушун шарттаганы менен, анын ден-соолукка зыян экенин коп жылдан бери дыйканчылык кылган дыйкандар жакшы тушунот. Ошондой болсо да оз чонтогун ойдоп остуруп жаткан жашылча-жемишине селитраны коп берет, коп тушум алып, андан кобуроок киреше табуу учун..... Бул учун Кудай алдында куноокор экенин ойлоп да коюшпайт...

Ал эми зыяндуу заттардын коп олчомдо болушу рак ж.б. оор ооорулардын пайда болуусун шарттайт.<
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-09 14:08:38
Patriot7, а спорим билишпейт? Дыйкандар менен иштешкениме 5жыл болду, ооба зыян деген дыйканды көрө элекмин!
-1
Tokmokchu-1
2017-08-09 15:53:19
TIMON_BERKOWITZ, сага зыян деп айтмак беле, товарын сатуу учун олумуш болуп коюшат да....
-1
Jarookerjan
2017-08-09 13:13:44
Жакшы кабар эмес пайдалуу,витаминдуу,кобуроок жеген жакшы деген жашылчаларыбыз зыяндуу болуп жатса эми эмне кылмакбыз? Биз уй булообуз менен коон,дарбызды аябай жакшы коробуз.Базарга чыга баштагандан тартып,кеч кузго чейин такай сатып алып жейт элек. Эми ойлонуп калдым жебей эле койгон туура окшойт.
+7
BekAmir
2017-08-09 13:30:43
Абайлагыла туугандар, бизди уулап атышат
+2
avtogrand
2017-08-09 13:39:25
Болгону 3 эсе азыраак жеш керек. Ошондо эчнерсе болбойт. Орустар деле толо химикаты менен жеп жүрүшөтко өлбөй эле.
-2
Patriot7
2017-08-09 14:01:38
avtogrand, кызык адамсын го?!! Тузу шор бир кесе тамак болсо, анын жарымын же учтон бирин гана ичсен тузу нормалдуу болуп калабы?!!!

Дарбыз-коонду аз жесен да баары бир организмге зыян!!!!
+5
almazbei
2017-08-09 15:28:47
Patriot7,+++++++
+1
adimyrza
2017-08-09 14:14:31
Мисалы менин чон атам кой малдын кыгын салдырчу эле дарбызга эч кандай зыяны жок эми даамын айтпай эле койойун чон атамын откондон бери андай дарбыз жей элекмин озум аракет кылып эктим даамы окшободу
+2
arzygulR
2017-08-09 16:38:22
Эскертуу берилди дейт эмне кайра башкалан эгет бекен ар ким оз чонтогун ойлойт да
+1
admin_superstan
2017-08-10 13:11:12
nurik-95, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө, жеке айтышууларга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан