Авиакырсыктан малсыз калып, 4 небересин жалгыз баккан эне буту баспай калган небересин адистерге көрсөтө албай убара

"Манас" аэропортуна жакын жайгашкан, ушул жылдын январь айында Боинг учагы кулап түшкөн Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочусу, 4 небересин жалгыз баккан Мария Атабаева буту баспай калган небересинин чалдыккан илдети аныкталганын бүгүн, 9-августта SUPER.KG порталына билдирди.

"Неберемди дарылатуу аракетин көрүп жатам. Ал үчүн Кореядан келген дарыгерлер менен сүйлөштүк. Бир жолку дарыланууга 2,5-3 миң сом кетет экен. Шаарга барып келгенге унаабыз да жок. Күн сайын каттаганга жол акы да таппай жатам. Адистер баламдын сөөгүнө зыяндуу микроб кирип кеткенин айтышты. Эми бел, бут сөөктөрүн дарылоо керек. Кудай буюрса, неберем басып кетет деп үмүт кылып жатам. Быйыл неберем 14 жашка толду. Өз апасы таштап кеткен. 4 неберемди жалгыз карайм. Уулум каражат табуу максатында курулуш тармактарында иштеп жүрөт. Кээде ишсиз калат. Коомчулуктан жардам болсо неберем дарыланып, басып кетер деп тилеп жатам", - деп билдирди Атабаева.

Эске салсак, бул үй-бүлөнүн учак кырсыгынан короо-сарайы талкаланып, мал-жандыгы өлгөн. Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаменти Мария Атабаевага жардам бере албастыгын билдирген.

Маалыматка ылайык, Мария Атабаева коомчулуктан чогулган каражаттан 25 миң сом менен кошо шифер, курулуш үчүн жыгач алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stal.ks
2017-08-09 10:47:10
ошончо акча жардамга чогулду
бул эжеге деле беришсе болотда
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан