Бүгүн, 9-августта Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров митинг өткөрүүдө. Ал президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу талабын айтууда. Ал "Шайлдабекова (ред: БШКнын төрайымы), бийликтин кулу болбо же кызматтан кет! Текебаев тил сынагына катышсын!" деген жазуусу бар плакатты кармап турат. Милиция кызматкерлери ага БШКнын алдына нааразычылык акциясын өткөрүүгө тыюу салынганын эскертишүүдө.
Айта кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-августтан 20-октябрга чейин Ак Үйдүн, соттордун, министрликтердин, Борбордук шайлоо комиссиясынын имараттарынын алдына митинг өткөрүүгө тыюу салган.