Быйыл былтыркыга салыштырмалуу чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициянын көлөмү өстү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, 2017-жылдын биринчи жарымында чет өлкөлүк түз инвестициянын жалпы көлөмү 202 миллион 660 миң долларды түздү. "Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көлөм 35 пайызга жогору. Инвестициянын 56,7 пайызы кайра иштетүү тармагына, 26,5 пайызы каржылык тармагына, ал эми 9,9 пайызы илимий жана техникалык багыттарга жумшалды", - деди Иманалиев.
Мындан тышкары ал Казакстандан 16 миллион 843 миң доллар, Канададан 67 миллион 333 миң доллар, Кытайдан 58 миллион 635 миң доллар инвестиция келгенин баса белгиледи.