Мэрия: "Бишкектеги сейил бактарды оңдоп-түзөөгө 30 миллион сом бөлүндү"

Бишкекте жайгашкан Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багын, Жаштар, Фучик, Кара-Жыгач парк-скверлерин реконструкциялоого мэрия тарабынан быйыл биринчи жолу 30 миллион сом бөлүнгөнүн бүгүн, 9-августта өткөн тегерек столдо вице-мэр Эркинбек Исаков билдирди.

"Сейил бактар жана Бишкектин жашыл зоналары. Маселелер жана аны чечүү жолдору" деген аталышта өткөн жыйынга "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын вице-мэри, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер катышып, шаардагы сейил бактардын абалы тууралуу маселелерди талкуулашты.

Тегерек столдо борбор калаада республикалык маанидеги макамга ээ 15 сейил бак бар экендиги, алардын алтоосуна гана "Жашылдандыруу" ишканасы ээлик кылары айтылды. Ошондой эле активисттер Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде "парк" деген сөз кездешпей турганын айтып, мындан улам укук бузуулар болуп сейил бактардын абалы начарлап баратканын билдиришти.

"Сейил бактарды көзөмөлдөөчү саясат жүргүзө турган департамент түзүлмөйүнчө ар кандай маселелер жарала берет. Бишкектеги сейил бактардын чек аралары белгиленбегендиги үчүн анын аймактарына убакыт өткөн сайын мыйзамсыз түрдө кыскарып жатат", - деди коомдук ишмер Гульнара Каликова.

Жыйында видеосюжет көрсөтүлүп, анда коммерциялык багытта ижарага берилген сейил бактар, анда мыйзамсыз курулуп жаткан турак үйлөр, имараттар тууралуу маалыматтар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azatbek83
2017-08-09 13:27:49
Жакшылап ондогула акчаны жей бербей коопко тургудай болсун.Эртен акчаны жеп салып дагын ондойбуз деп акча коротпой.
+3
chika010596
2017-08-09 14:05:27
Аллах баарын көрүп турганын унутушпаса болду. 1 сом акча жейм деп, наркы дүйнөдө күйүшөөрүн унутушпасын. Кыргызстанды бир аз алдыга алып чыкканга аракет кылышса соопко калышат
+3
Tyty1990
2017-08-09 14:17:33
Бөлүнгөн акчаны толук иштетишпейт булар. Эки лампа койот да төрт миллион кетти деп коюшат.жашоо керемет.
+3
Take_men
2017-08-09 14:19:01
Коп эмеспи... мм.. коробуз гооуу
+2
SansaNePredaiJohna
2017-08-09 15:42:57
ошту дагы карап койгула. салып берген копуронор 1жылга жетпей кочуп бащтаган.
+3
arzygulR
2017-08-09 16:24:27
Ээ жылда эле ондоого башкасына мынанча акча болунот жыйынтыгы болбойт tyty1990айткандай 2лампа коюп коёт
+1
bakulya2015
2017-08-09 19:51:38
Жаны окмот келгичекти шайлоого чейин баардык акчаны тогуп чачып бутушотта булар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан