14 жаштагы Адилет Акматов үйүнөн 6-августта чыгып кеткен бойдон дайыны жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман бүгүн, 9-августта кабарлады.
"Уулум Жайыл районунун Полтавка айылындагы үйүбүздөн 6-августта эртең менен чыгып кеткен. Ошондон бери милиция кызматкерлери менен бирге издеп таппай жатабыз. Кызыл өңдөгү футболка, күрөң чолок шым, күрөң кепка кийип, сумка асынып кеткен. Көргөн-билгендер болсо, (0553) 400 199 жана (0773) 820 204 телефон номерлерине кабарлашыңыздарды өтүнөм", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.