Чүй облусунун Искра айылында агрардык өнөр жай аймагын курууга 500 миллион доллардан 1 миллиард долларга чейинки акча каражаты керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Инвестицияларды тартуу боюнча агенттиктин директору Алымбек Орозбеков билдирди.
“Бул долбоор Кытай компаниясы менен жүргүзүлүп жатат. Биринчи этапта быйыл 130-160 миллион доллар бөлүнөт. Ун салуучу, этти кайрадан иштетүүчү жана азыктарды сактоо ишканасы курулат”, - деди ал.
Мындан тышкары чиновник Бишкек шаарында дүйнөлүк стандарттагы 4 жылдыздуу мейманкана курулуп жатканын кошумчалады. Ал курулуш 2017-жылдын аягында бүтө турганын баса белгиледи.