Орусия кафе, ресторандарда кальян жана электрондук тамеки тартууга тыюу салат

Орусия электрондук тамеки, кальян тартууга тыюу салууну көздөөдө. Анын аймагындагы кафе, ресторандарда вейп жана кальян чегүүгө тыюу салынып, алкоголдук ичимдиктерди сатууга да чектөө киргизилет. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү маалымат булактары "Орусиялыктардын дени сак жашоосун шарттоо" долбоорунун билдирүүсүнө таянып жазууда.

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Министрликте иштелип жаткан мыйзам долбоордун негизги идеясы - кадимки тамекини сатыкка чыгарууну жөнгө салгандай эле вейпти сатууну да бир калыпка түшүрүү. Жалпы тамактануучу жайларда вейп жана кальян тартууга тыюу салынат. Өзгөчө өспүрүмдөр арасында популярдуу болуп жаткан вейп эми 18 жашка чейинкилерге сатылбайт", - деп билдирген.

Электрондук тамеки менен кальянды колдонууга каршы күрөшүүнүн нормативдик актыларын даярдоо 2018-жылдын февраль айына пландалууда. Орусиянын башкы наркологу Евгений Брюн 21 жашка чейинкилерге спирттик ичимдиктерди такыр сатпай, ичимдик саткан соода түйүндөрдүн санын азайтып, баасын акырындык менен көтөрүү керек деп эсептей турганын айткан. Ошондой эле спирттик ичимдиктер дем алыш күндөрү көп колдонулгандыгын белгилеп, бул күндөрү аны сатыкка чыгарбоону сунуштаган.

"Дени сак жашоо" долбоорунун пландарына ылайык, мындай аракеттердин натыйжасында 8 жылдын аралыгында алкоголдук ичимдик ичүү ар бир киши башына 1,7 литрге азаят. Ал эми тамеки чеккендердин 5 пайызы бул жаман адаттан арылат. Муну менен катар эле спорт жана дене тарбия менен машыккан спортчулардын саны 30 пайызга жогорулап, боюнан алдырган аялдардын саны 16-20 пайызга кыскарат. Коомго бул тартипти киргизүү үчүн бюджеттен 3,5 миллиард рубль каражат бөлүнөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ady-88
2017-08-09 17:10:12
Ьизге окшоп талкалабай алкоголдук ичимдиктерди ушунтип азайтса деле болот
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан