Түркиянын премьер-министри: "Кыргыз мамлекети менен бардык тармак боюнча кызматташууга кызыкдарбыз"

Түркияга эки күндүк иш сапары менен барган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Анкара шаарында өлкөнүн премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Жолугушуусу алгач тар чөйрөдө өтүп, кийин өкмөттүк делегациялардын катышуусунда кеңейтилген курамда уланды. Жолугушууда билим берүү, маданият, айыл чарба жана соода-экономикалык өнөктөштүк тармагындагы эки тараптуу кызматташуулардын келечеги тууралуу сөз болду.

Бинали Йылдырым Түркия Кыргыз мамлекети менен бардык тармактар боюнча, анын ичинде экономика, маданият жана билим берүү тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Бинали Йылдырым 1992-жылдан бери билим берүү тармагында 3500 кыргыз студент Түркиянын алдынкы жогорку окуу жайларында билим алганын, 2016-жылы Кыргыз жеринен барган студенттер үчүн 100 квота берилгенин айтты.

Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу дипломатиялык алака башталгандан бери бардык тармактар боюнча кызматташтык динамикалуу өнүгүп келе жатканын белгиледи. Ал Кыргыз мамлекети Түркия менен болгон мамилесин жогору баалап, анын мындан ары да бекемделишине кызыкдар экенин кошумчалады.

"Түркия Кыргыз мамлекети үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Биздин өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды күчөтүү зарыл", - деди Жээнбеков.

Жолугушууда тараптар эл аралык уюмдар менен биргеликте маданий-гуманитардык багыттагы маселелерди чечүүгө кызыкдар экенин жана ал үчүн министрликтер менен ведомстволордун деңгээлинде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, маселени ылдам чечүүгө болорун билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан