Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунда сел калдыктары жолду тосуп, үйлөрдү ылай суу каптады

Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунда селдин калдыктары жолду тосуп, үйлөрдү ылай суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

"Алай районунда 8-август күнү саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 108-109-110-чакырымдарында колоттордон сел калдыктары агып түшүп, унаа жолду тосуп калган. Аскалы-Чаты айылындагы 2 турак үйдүн ичине сел агындылары кирген. Жол тазалоого атайын техникалар тартылып убактылуу жол ачылган. Учурда сел калдыктарын тазалоо иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан