SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ич курулдаганы бул эмнеси?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бул ичеги-карынга суук тийип калгандын белгиси. Албетте, ал үчүн күн суук убакта жылуу кийинүү керек, эң негизгиси бутту жылуу кармоо. "Сулуусунан жылуусу" деген сөздү эске алыңыз".
"Курсак ток - кайгы жок" дегендей эгерде ичеги-карын бош болсо, аба толуп калат эмеспи. Андан кийин рефлектордуу түрдө жыйрылат дагы ошол убакта курулдаган үн чыгат. Ичтин курулдаганы нормалдуу эле көрүнүш. Ал эми ток адамдын ичи курулдай берген болсо тамак сиңирүү системасында кандайдыр бир көйгөй бар экендигин билдирет".
"Бул ач карындан го деп ойлойм, мисалы, мен мунун алдын алыш үчүн, сөзсүз түрдө эртең менен кечигип жатсам да тамактанам".
"Бир окуя эсиме түшүп кетти. Мектепте окуп жүргөн кезде отуруш деп топтоло калмай жайыбыз бар эле. Бири-бирибиздин апаларыбыздан араң 2 саатка деп сурап чыкмай. Анан ошондо классташ балдардын жанында отурганда ичтер "ырдап" баштачу да, эмне кыларыңды билбей кайсалактап, улам бутуңду алмаштырып отуруп аябай убара болчубуз. Көрсө, отуруш деп жүрүп кечке ачка жүргөндөн окшойт".
"Ич негизи ачуу нерсе менен таттууну аралаштырып жегенде курулдайт деп бир жерден угуп калдым эле. Анан да таттууну ачкарын жегенде да меники да курулдап калат".
"Ичтин курулдаганын (добушун) ичегидеги газ менен суунун кыймылы пайда кылат.
Бул кыймылдын пайда болушуна:
1. Ачкалык
2. Ичеги-карында кайсы бир оорунун пайда болушу
3. Суук өтүү
4. Маанилүү жолугушууга же экзаменге бараткандагы толкундануу
5. Оор тамактарды, газдуу суусундуктарды ичүү себеп болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.