Ысык-Көлдөгү балдар лагеринин кароолчусу сабалганын жана козголгон кылмыш иши жабылганын айтты

Бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына Ысык-Көл районунун тургуну Махира Алдушенкова кайрылып, аны сабагандар жазага тартылбай, козголгон кылмыш иши жабылып калганын айтты.

"Мен Бостери айыл аймагындагы балдар лагеринде кароолчу болуп иштечүмүн. 2015-жылдын 7-ноябрында келишим менен ишке киргем. Бирок ал жерден эмгек акымды бербей коюшту. 2016-жылдын 14-апрелинде жетекчиге эмгек акымды сурап барып, пикир келишпестик жаралып чырдаша кеттик. Жыйынтыгында аялы экөөлөп сабап салышты. Ошол эле күнү милицияга арыз жазып кайрылдым. Мени ургандар Казакстанга качып кетишти. Ошондон бери келбей качып жүрөт. Ал эми тергөөчү кылмыштын курамы жок деп ишти жаап салды. Иштин каралбай жатышына мени сабап качып кеткендер кийлигишип жатышы мүмкүн", - деп билдирди Алдушенкова.

Жабырлануучу Махира Алдушенкова быйыл 56 жашка толду. Ал өз мекенинде укугу тебеленип, корголбой жатканына нааразы.

Бул факты боюнча Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, "Алдушенкованын сабалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок экспертиза "денесинен жеңил жаракат алган" деп жыйынтык чыгарган. Бул иш боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан иш кыскартылып жабылган", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meku89
2017-08-10 11:48:32
Акчан болсо сабап эмес олтуруп койсо деле эркиндикте журуп жатышпайбы. Бизде качан эле мыйзам карапайым элге иштечу эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан