Активист: "Милиция плакатымды алып койду. Митингге чыга берем"

Бүгүн, 9-августта Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыкканы үчүн кармалган активист Өндүрүш Токтонасыровго оозеки эскертүү берилди. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.

"Милиция кызматкерлери плакатымды алып коюшту. Бул менин укугумду бузуу. Мени сотко алып барып, 20-октябрга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу токтомдун көчүрмөсүн эле көрсөтүштү. Бирок Конституция райондук соттун токтомунан жогору тургандыктан митингге чыгууну уланта берем. Жакынкы митингимди качан өткөрөрүмдү азырынча айта албайм", - деди активист.

Айта кетсек, бүгүн Токтонасыров президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу талабын айтып нааразычылык акциясына чыккан. Ал "Шайлдабекова (ред: БШКнын төрайымы), бийликтин кулу болбо же кызматтан кет! Текебаев тил сынагына катышсын!" деген жазуусу бар плакатты кармап турган. Милиция кызматкерлери аны кармап, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып барышкан.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-августтан 20-октябрга чейин Ак Үйдүн, соттордун, министрликтердин, Борбордук шайлоо комиссиясынын имараттарынын алдына митинг өткөрүүгө тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIZAD
2017-08-09 17:14:10
Ой тыю салып аткандан кийин жон эле турсанар боло!!! Капырайе
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан