Талантбек Батыралиев президентке медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу иштери боюнча маалымат берди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-августта саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Атамбаевге саламаттыкты сактоо системинде жүргүзүлүп жаткан реформалар жана калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берилди.

Талантбек Батыралиев ошондой эле бейтаптарга жогорку сапаттуу диализдик кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырып, бюджеттик каражаттардын көпчүлүгүн кардиохирургия, ортопедия жана онкология кызматтарына багыттоого шарт түзгөн долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди. Долбоорду ишке ашыруу өлкөдөгү оорулуулардын көбүн камтууга мүмкүнчүлүк берип, заманбап медициналык жабдуулардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Президент саламаттыкты сактоо тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар калкка кыйла жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө бардык шарттарды түзүп, ошону менен бирге өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыгы үчүн саламаттыкты сактоо системинин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жакшы таасир тийгизүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
laboom
2017-08-09 21:17:36
AWAnin otpuskasi buttu bele?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан