Бүгүн, 9-августта президенттикке талапкерлердин төртөө кыргыз тили боюнча сынактан өтүштү. Мамлекеттик тил комиссиясынан кабарлашкандай, тесттен Камчыбек Ташиев 83,25 балл, Ахматбек Келдибеков 85,9 балл алса, Токтайым Үмөталиева 76,7 балл, Алмазбек Каримов 77,6 балл алды.
Талапкерлер "Кыргызтест" системи боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтүштү. Анда кыргыз тили боюнча лексика-грамматика, угуу, окуу жана сүйлөөнү текшерүү каралган.
Күндүн жыйынтыгы менен сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билерин тастыктаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты ыйгарылды.