Алия Шагиева баланы кантип туура уктатуу керектиги жөнүндө апаларга кеңеш берди

Президенттин кызы Алия Шагиева жаш апаларга баланы кантип уктатуу керектиги жана аларга кандай мамиле кылуу керек экендиги жөнүндө апаларга кеңеш берди. Ал социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, анда кадр артында кеңештерин айтып берген.

"Наристелер физикалык жактан өнүгө элек болсо да, сезимталдыгы баарыбыздыкынан жогору турат"

"Биздин үйрөнүшүбүз керек болгон эң башкы нерсе - коопсуздукту тартуулаган сезим, ишенимдүүлүк. Сиз маанайыңыз жок болуп, балаңызга бактылуу көрүнүүгө аракет кылсаңыз дагы ал баарын сезет. Үнүңүздөн, жүзүңүздөн. Наристе дайыма сиздин ички сезимдериңизди түшүнүп турат. Балаңыздын кайсы учурларда ыйлаганын байкап көрүңүз. Анын жалаягын алмаштыруу керек болгондо, уйкусу келгенде же ачка болгондо гана ыйлаганына күбө болосуз. Алардын физикалык денеси өнүгө элек болсо да, сезимталдыгы баарыбыздыкынан жогору турат", - дейт Алия Шагиева.

Андан сырткары ал баланы уктатуу боюнча мастер-классын көрсөтүп, төмөндөгүлөрдү айткан.

"Алгач чоң жаздыкты тандап алыңыз. Баланын колдорун ороп, буттарын эркин калтырыңыз. Ал каршылыгын көрсөтөт, бул учурда жана мен айткан ишенимдүүлүк сезимин эстеңиз, өзүңүздү токтоо кармаңыз. Баланы алаканыңыз менен бутуна же колдоруна ритм менен оорутпай таптаганыңыз ага ишенимдүү колдордо жатканы тууралуу маалымат берет. Эгерде балаңыз көпкө чейин уктабай жатса, аны кызыктуу нерсе менен алектендириңиз. Белгилүү бир убакыттан кийин эстеп баштайт. Кээде ал ачка болгондугу үчүн көпкө чейин уктабай коюусу мүмкүн. Анда сиз башын жаздыктан көтөрбөй туруп эмизиңиз. Өзүңүздөрдү сүйүп, бактылуу болуңуздар! Кыргыз калкына ыраазычылыгымды билдиргим келет".

Алия Шагиева баланы кантип уктатуу керектиги жөнүндө кеңеш берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (53)
AKCAHAT
2017-08-10 00:54:01
Албетте президенттин кызы кеми жок, бирок айтканы да туура. Белгилуу , анар байларды, жаш туруп баардык нерсеге жетишкен адамдарды копчулук эле жек корот болуш керек анан. Эмне дебесин, эмне кийбесин, эмне айтпасын сындап, кынтыгын таап))))
-4
Truelensk
2017-08-10 00:58:54
Балдар уйуно барып энеси жок наристелерди багып жардам берсе болмок кыларга иши жок болсо.
+8
Azatbek83
2017-08-10 01:18:14
Эл суйлосо да силер атан экоонор суйлобой эле койгулачы тойгуздунарго озунордун мактай берип.Акылдуу болуп кетесинерде силер озунор акылдуу болуп алгыла он баланы тороп койгондой мактанбай жон журчу.
+9
Bak.taalai
2017-08-10 03:30:34
Кичине чачты норма прическа кылып алып акыл уйротсон боло. Озу жаны эне болуп бироодон угуп калса керек ушинтиш керек дегенди анан элдин баарын озундой коруп уйротуп аткандыр.
+3
jusupova
2017-08-10 03:31:42
Алиянын конечно озунун иши кандай кылып уктатат, багат, она просто делится как проводит время с ребенком, негативных мнений я думаю ненадо писать, не судите, ибо будете судимы!!!
-2
Aidani
2017-08-10 03:41:59
Акча уйдо отурса ОЗУ эле келип турса башка иш кылбаса, мультимиллионердин кызы болсо, анан баланы кенен карайт да шашпай, айылда жашаса кормокмун, торпогу келип уйду эмип койгондо, баласын таштап жугурмок
+3
SansaNePredaiJohna
2017-08-10 03:49:41
сени албарсты басты , анан сен аны бастын! ууу уууу
-7
SMS Aroma
2017-08-10 07:35:27
Азамат кыз экен, эмкиде массаж жасаганды уйротсун бизге - кыргыздарга, ырас озу дагы баласынын тырыштырып, манжаларын бугуп атканын байкап калаар... Жаздыкка уктатуу методун баарыбыз билчубуз, ошонун техникасын да жакшы оздоштурбогонун да сезээр бекен акылдуу кыз, анткени эки бутту бекем бириктирип, анан жаздыкты коюу керек да, антпесе озунор коргондой баланын башын кулактарын эки буту менен апасы эзип кызартып коет, анан уктатуунун *пайдасы* чурушкон кулак менен формасы озгоргон баш болуп калат
-5
Baktikan
2017-08-10 10:30:07
Silerge ozu emne jagat~ushakchilar~ozunun bilgeni menen bolushkondun emnesi jaman~ ar kim ozunun bilgenin aytat da~tim ele jaman boldunar go ~bul jerge komment jazgandan koro~paidaluu nerse kilsanarchi~daaratkanaga dele tashtap ketip jatishpaibi akmak eneler~A bunun emnesi jaman uyrotkondun~bilbegender uyronup algila
-1
Baktikan
2017-08-10 10:33:10
Sozsuz ele manas torop~je 10bala torosh kerekpi~kudaidan korkkula~ar bir sozunor ucun allaha joop beresiner~
0
Baktikan
2017-08-10 10:40:31
Men dele 4 balanin~ enesimin~bilgenim da bar bilbegenim da bar~4 bala torodum baarin bilem debeimin~bilbegenini bilgenderden uyron~bilgenini bilbegenderge uyrot~anin emnesi bar eken~
+1
mishonia8077
2017-08-10 10:43:14
Жаман желе эч нерсе айткан жок го,өзүнүн үйрөнгөндөрүн бөлүшүп коюуунун эмнеси жаман.
+4
aiza16
2017-08-10 10:56:32
Алиянын айткандары туура. Баланы тушуно алганын кандай жакшы. Сандан сапатка деген ушул да. Уч жаштан кийин кеч деген китепти да сунуштайт элем сага. Балким окугандырсын. Анда жакшы.
+2
saza20
2017-08-10 12:03:25
комментарийлерди окуган кызыктуу макаланын озун окуганга караганда.
Алия молодец баланын омуру узун бактылуу болсун
элдин созуно конулуну бурбай бактылуу жашай бер.
сага президенттин кызы болгонун учун суктанышат атам бар аска зоо тирегим бар деп каалаганыны жасай бер сага жарашат. кана эле менин атам да жонокой адам болсо деле тируу болгондо.
-2
andormeda
2017-08-10 13:56:22
Оо-о, Кудай, мынча заарыңар ашат? Комментаторлор, жаман көрсөңө атасын жаман көргүлө, кызына эмне асылдыңар?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан