Ачкачылыктан абалы начарлап кеткен Текебаевдин тарапташтарынын бири "Тез жардам" менен ооруканага баруудан баш тартып, ачкачылыгын улантууда

Бүгүн, 9-августта президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевдин ачкачылык жарыялап жаткан тарапташтарынын биринин абалы начарлап, "Тез жардам" чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 10 күндөн бери ачкачылык жарыялап жаткан Медер Тилекеевге дарыгерлер ачкачылыгын токтотуп, ооруканага алып кетүүнү айтышкан. Бирок Тилекеев биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин өзүн жакшы сезип калганын билдирип, ооруканага баруудан баш тартып, ачкачылыгын улантууну чечкен.

"Дарыгерлер Медер Тилекеевдин кан басымы төмөндөп, жүрөгү жай согуп калганын негиз кылып, аны ачкачылык жарыялоосун токтотушу керек экенин айтышкан. Учурда анын абалы туруктуу", - дешти партиядан.

Эске сала кетсек, Текебаевдин 5 тарапташы 31-июль күнү Бишкекте ачкачылык жарыялашкан. 3-июлда алардын бири Темир Эмиловдун абалы начарлап "Тез жардам" унаасы менен ооруканага алып кетишкен. Ал дарыгерлердин сунушу менен ошол күнү ачкачылыгын токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nargiza1987k
2017-08-09 19:11:01
Бийлик байлык дебей оз оокатынарды кылгылачыыы
+1
Tyty1990
2017-08-09 20:10:43
Ачкачылык жарыялады дегендерге такыр түшүнбөйм. Адам ачка болсо өзүнө эле кыйын. Курсагы ач болсо эле асман жерге кулабайт да туурабы.
+5
gul3ina
2017-08-09 21:33:22
Бири олуп бири калсын.Мээлеринин жеткени ошо да отура бергиле дагы
0
aman0296
2017-08-09 23:39:55
Не болсо ошол болсун. Башым да орубайт!
0
legion-arbat
2017-08-10 09:21:28
Теке кийин табагына аш салып бере тургансып кармашат ачкачылыкты.Жеткен мээлери ушул болсо
0
chika010596
2017-08-10 12:42:35
"Орозо айында Аллах үчүн орозо тутушту бекен?" деген суроо кызыктырып жатат. А Аллах берген ден-соолукту пенде үчүн кыйып жатышат. Аркы дүйнөнүн азабын жана жообун бар экенин унутушкан окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан