Кыргыз жерине келем деген чет элдиктер визаны 1-сентябрдан тартып интернет аркылуу алышат

Бүгүн, 9-августта Тышкы иштер министрлигинде "Электрондук виза" системинин ачылышы болду.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул систем 1-сентябрдан тартып иштеп баштайт. Ага байланыштуу Кыргыз жерине келем деген чет элдиктер виза алуу үчүн мурдагыдай Кыргыз мамлекетинин элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылып отурбай эле, 1-сентябрдан тартып интернет аркылуу ала алышат.

Ал үчүн Электрондук виза боюнча сайтка кирип, тийиштүү документтерди толтуруп, файлдарды жүктөп, акчаны банктык карталар аркылуу төлөп коё алышат. Виза алуу үчүн интернет аркылуу кайрылгандар жоопту 3 күндө ала алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sanjaraka
2017-08-09 23:31:59
Жакшы кабар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан