Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын көбү келбей жыйын 1,5 сааттан бери баштала элек

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаардык кеңешинин жыйыны кворум жок 1,5 сааттан бери баштала элек.

Жыйын саат 9:00дө башталышы керек болчу. Учурда 17 гана депутат келди. Кворум болуш үчүн 23 депутат келүүсү керек.

Бүгүнкү жыйындын күн тартибине президенттик шайлоого карата кошумча шайлоо участкаларын ачуу маселеси киргизилген.

Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 45. Алар "Өнүгүү-Прогресс", КСДП, "Республика-Ата Журт", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" партияларынын тизмеси менен депутат болуп келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан