1 жыл мурун: "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын жеңүүчүсү Иззат Артыков бүгүнкү күнгө чейин коло медалдын ээси бойдон

Бүгүн, 10-августта Бразилияда өткөн Жайкы "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль алганына 1 жыл болду. Анын жеңишине бүтүндөй кыргыз эли сүйүнүп, салтанаттуу түрдө аэропорттон тосуп алышкан. 8 күн өткөн соң ал "допинг колдонгонго" айыпталып, Олимпиада оюндарынан четтетилген. Иззат Артыков медалдан ажыраган соң, Эл аралык спорт арбитраждык соттун чечимине ишенбей, эч нерсени түшүнбөй жатканын айткан.

"Мен эч кандай допинг колдонгон эмесмин. Эмнеден улам мындай болуп жатканын түшүнбөй турам. Бул чырдын баарын франциялык спортчу баштады. Ал "байге ээлери допинг колдонушту" деп айтып чыккан. Бизге бул жаңылык өтө оор тийди", - деген спортчу.

Ошол убакытта Иззат Артыковду туугандары гана эмес, жалпы Кыргыз эл колдогон. Оор атлетчинин иниси Азат Артыков "медалды алып коюшу мүмкүн эмес" деп айтса, спортчунун жубайы "мунун баары териштирилет, шак эле алып салбайт болуш керек" деп айткан.

2017-жылдын январь айында Швейцариянын Лозанна шаарында Иззат Артыковдун допинг чыры боюнча коомдук угуулар болгон. Угуулардын жыйынтыгында комиссия түзүү чечими чыгарылган. Комиссия ишти кылдаттык менен иликтеп, чечимин эл аралык оор атлетика федерациясына тапшырмак. Бүгүнкү күндө аталган федерациянын чечими жана иштин жыйынтыгы боюнча эч кандай маалымат жок.

Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосовдун айтымында, учурда Иззат Артыков Олимпиаданын коло медалынын ээси бойдон калууда.

"Бизде баары жакшы. Позитивдүү ойдобуз. Азырынча соттун чечимин күтүп жатабыз. Чечим качан чыгарын азырынча билбейбиз. Олимпиададан бардык дисквалификацияланган спортчулар медалынан ажырашкан, бир гана Иззат Артыков калды. Ал дагы эле мелдештин жеңүүчүсү катары эсептелет, медалдан бизди эч ким ажыраткан жок. Иззат Артыков өзү машыгып, даярдык көрүп жатат. Иззаттын организминде табылган стрихнин Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттиги жарыялаган тыюу салынган заттардын катарына киргендиктен, спортчулар аны колдонушпайт. Мындан улам Иззаттын организмине стрихнин кантип киргенин дагы деле түшүнө элекпиз", - дейт Улан Молдодосов.

Жубайы менен

Ал эми Иззат Артыков стрихнинди колдонбогонун, бирөөлөр тамак-аш же сууга бир нерсе кошуп берип коюшу мүмкүн экенин айкан:

"100 пайыз билем, андай каражат колдонгон эмесмин. Агайлар да билишет, баарын көзөмөлдөп турушчу, аны жебе, муну жебе, бирөө берген сууну ичпе деп".

Иззат Артыков Эл аралык спорт арбитраждык сотунун чечимине карабай Олимпиаданын коло байге ээси катары стипендия алат.

Маалымат үчүн: Стрихнин заты терапиялык дозада колдонгондо сезүү органдарын күчтөп, борбордук нерв системин дүүлүктүрүп, рефлектордук реакциясын (көрүү, угуу, даам, жыт сезүүнү) жогорулатат. Стрихнин жалпы зат алмашуу процесси төмөндөгөн учурда, бат чарчоодо, гипотониялык ооруларда, организмдин уулануусунан же инфекциянын айынан жүрөктүн иштеши начарлаганда сергитүүчү каражат катары да колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
balykchy2012
2017-08-10 17:46:01
Коло медалдын ээси бойдон кала берсин эми,ушул убакка чейин ажыратбаптыр эми медаль сеники Иззат.
+4
Va.vasm
2017-08-11 01:30:35
Тооба кылдым, айласы кеткенго батыштын спорт жетекчилери. Стрихнин кадимки биз колдонгон чычкан дарынын бир туру(пестицид). 20-кылымдын башында коп колдонушчу экен спортчулар. Азыр медицина онуккон мезгилде, стрихнинди колдонуу акылга сыйбаган нерсе, башка мындан да кучтуу дарылар турганда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан