Швейцариянын Лозанна шаарында кечээ, 11-январда "Рио-2016" Олимпиадасынын катышуучусу Иззат Артыковдун иши боюнча коомдук угуу болду. Ага спортчу жана КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов катышты.
Спортчунун өкүлдөрү кабарлашкандай, отурум 7 саатка созулду. Акыркы чечимди сот жакын арада чыгармакчы.
Кошумчалай кетсек, 69 килограмм салмакта Олимпиадада күчүн сынаган спортчу коло медаль тагынган. Көп өтпөй ал тапшырган допинг-тестте спортчунун стрихнин затын колдонгону аныкталган. Бул зат Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттиги жарыялаган тыюу салынган заттардын катарына киргендиктен анын медалы алынган.