БШК Садыр Жапаровдун президенттикке талапкерлигин каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровдун президенттикке талапкерлигин каттоодон баш тартты. Мындай чечимди БШК бүгүн, 10-августта кабыл алды.

Комиссиянын 9 мүчөсү Жапаровдун талапкерлигин алып салууга “макул” деп добуш беришсе, 3 мүчөсү “каршы” деп добуш берди.

БШКнын мүчөсү Елена Джилкичиеванын айтымында, Ички иштер министрлигинин маалыматтык борборунун жана Жогорку Соттун маалыматы боюнча, Жапаров 2013-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп соттолгон. "Соттолгондугу жоюлбаган учурда жаран Жогорку Кеңешке депутаттыкка жана президенттикке талапкер боло албайт", - деди Жылкыбаева.

Эске сала кетсек, 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Өкүмгө ылайык, Жапаров "адамды өлтүрүүнү уюштуруу", "бийлик өкүлдөрүнө каршылык жасоону уюштуруу" жана "бейбаштык" беренелери боюнча толук акталды, ал эми "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан