Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылында 11 миллион сомго көпүрө курулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына Бирлик айыл аймагынын башчысы Жээнбек Маканбаев билдирди.
"Баткен-Кадамжай-Сох анклавын бириктерген жолдогу каналга көпүрө курулду. Курулуш иштерин жүргүзүүдө капиталдык курулуш башкармалыгы буюртмачы болгон. Сметалык баасы 14 миллион сомго түзүлгөн. Атайын тендер өткөрүлүп, утуп алган компания 11 миллион сомго иш жүргүзгөн. Бирок көпүрөнүн курулушу сапатсыз болуп калган. Азырынча көпүрө пайдаланууга кабыл алына элек", - деп билдирди Маканбаев.
Маалыматка ылайык, аталган көпүрө Транспорт жана жол министрлигинин балансында турат.