Кыргыз Республикасында оппозициялык "Заноза" сайты жабылды. Мындай чечимди быйыл 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алган. Ага ылайык, сайтты негиздеген "ПроМедиа" фондуна "Заноза" товардык белгисин колдонууга тыюу салынган.
Айта кетсек, 2015-жылы "Вечерний Бишкек" басмаканасы Александр Кимден Александр Рябушкинге өткөн соң жаңы ээси менен иштөөгө макул болбогон кызматкерлер "Заноза" сайтын түзүшкөн. Алар бул жаңы сайт Кимге эч кандай тиешеси жок экенин айтып келишкен.
Бул сайт түзүлгөндөн кийин Рябушкин "Кыргызпатентке" кайрылып, "Заноза" товардык белгисин өзүнө каттоо өтүнүчү менен кайрылган. Натыйжада 2016-жылы "Заноза" белгиси ага өткөн. Андан соң Рябушкин "ПроМедиа" фондунун үстүнөн товардык белгини колдонууга тыюу салуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Сот өкүмдү анын пайдасына чыгарган.
Мындан тышкары башкы прокурор Индира Жолдубаева 2017-жылдын март айында Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларын, “Занозаны” президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирди деп сотко берген.
30-июнь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту биринчи иши боюнча башкы прокурордун арызын толук канааттандырып, аталган сайттын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана Чолпон Жакупованы ар бирин 3 миллион сомдон доого жыккан. Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилген. 3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп өтүп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылган. 4-июль күнү “Ата Мекен” партиясынын адвокаттарына байланыштуу доо арыз боюнча “Заноза” 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ошентип баш-аягы “Заноза” сайтынын өзүнө эле 26 миллион сомдук доо коюлган.