Швейцарияда аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн кийин 20 сантиметрге жеткен кар жаады

Швейцарияда катуу ысыктан кийин 20 сантиметрге жеткен кар жаады. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада өлкө аймагында катуу ысык болгон. Андан соң муздак агым пайда болуп өлкөнүн батыш, түштүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланган. Натыйжада 20 сантиметрге жеткен кар түшкөн. Азырынча күтүүсүз жааган кардан жапа чегип, зыян тарткандар боюнча маалымат жок. Кар жааганга чейин өлкө аймагында абанын жылуулугу +26 градуска жетип турган.

Жергиликтүү аба ырайы боюнча улуттук кызматтын божомолдоосуна караганда, кийинки аптанын башында абанын температурасы тоо этектеринде +30 градуска чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2017-08-12 11:32:07
Алланын керемети.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан