"Прецедент" коомдук уюму Борбордук шайлоо комиссиясынын 9 мүчөсүнө карата кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу аталган уюмдун юристи Нурбек Токтакунов билдирди.
Анын айтымында, БШКнын 12 мүчөсүнүн 9у камакта отурган Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил боюнча сынакка катыштырууга каршы добуш берип, анын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылды.
Айта кетсек, 10-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында президенттикке талапкер Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселеси каралган. Жыйынтыгында БШКнын 9 мүчөсү аны сынакка катыштырууга уруксат берүүгө каршы, 3өөсү макул деп добуш беришкен. Мындан улам Текебаев тил сынагына катышпай турган болгон.